Бишкектин жаңы жасалган жолдору бузулганын байкагандар мэрияга кайрыла алат

Жолдордун сапатын мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти текшерүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Быйылкы жылдын эсебинен Бишкектин алты чоң көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү мерчемделсе, анын төртөөндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматта алты көчө тең көп жылдан бери оңдоодон өтө электиги айтылат.
"Капиталдык ремонт жүргүзгөн подрядчы уюм менен түзүлгөн келишимдин шартына ылайык, жумушту аткаруучу тарап жол тилкесинин сапатына үч жылдык кепилдик берет. Эгер бул аралыкта жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, аны подрядчы уюм өз эсебинен калыбына келтирет", — дешти муниципалитеттен.
Жолдордун сапатын мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти текшерүүдө. Мэрия буга чейин медиада жарыяланган жолдордогу кемчиликтер көзөмөлгө алынып, иш жүрүп жатканын билдирди. Муниципалитет капиталдык оңдоодон өткөн бир көчө ушу кезге чейин кабыл алына электигин мисал келтирген.
Мэрия жаңы оңдолгон көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кандайдыр бир кемчиликтерди байкагандар кайрыла турган телефондорду жарыялады.
Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Азамат Осмоналиев);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Кубаныч Шаршамбеков);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Бакберген Мамыр уулу);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Талант Бөрүбаев).
Бишкекте Гоголь көчөсү автоунаалар үчүн убактылуу эки тараптуу болду