Бактыгүл Иманбек кызы ЖМК менен соцмедиага мониторинг жүргүзгөн борборду жетектеди

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бактыгүл Иманбек кызы Маданият министрлигинин алдындагы Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Маалыматка караганда, жаңы борбор интернетке жана ЖМКга мониторинг жүргүзөт. Тагыраагы, фейктерди аныктоо менен алектенет.
Иманбек кызын борбордун жетекчиси кылып дайындоо буйругуна өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.
Парламенттик шайлоодо Бактыгүл Иманбек кызы "Эл үмүтү" партиясынан ат салышкан. Шайлоо күнү кечинде жергиликтүү ЖМКлар президент Садыр Жапаровдун шайлоо участогунда бюллетенди кармап турган сүрөтүн жарыялаган. Анда президент №18 партияга ("Эл үмүтү") жана анын катарындагы №49 талапкерге (Бактыгүл Иманбек кызы) добуш бергени көрүнгөн.
Иманбек кызы француз тилинен котормочу, өзү негиздеген окуу борбору бар экени буга чейин айтылган.
ЖК комитети ЖМК менен интернетте жалаа жапкандарга айып салууну колдоду