Кытай Кыргызстанга 2,7 млрд. сом грант бермей болду

Өкмөт каражат "эки тараптын ортосунда келечектеги келишимдерди ишке ашыруу үчүн" сарпталарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз жардам иретинде 200 миллион кытай юанын (2,7 млрд. сом) берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Макулдашууга кол коюу
Макулдашуу өкмөт башчынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй менен жолугушуусунда түзүлгөн.
Тараптар алгач эки өлкө лидерлери тарабынан коюлган милдеттердин жана буга чейин жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүнө токтолуп, андан соң жолугушуунун күн тартибине кирген маселелерге өтүшкөн.
"Жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев менен Луо Чжаохуэй кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык, Кыргызстандын министрлер кабинетине Кытай өкмөтү эки тараптын ортосунда келечектеги келишимдерди ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 200 миллион кытай юанын кайтарымсыз жардам катары берет", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Адис дем берүүчү гранттар кантип бөлүштүрүлөрүн айтып берди