Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайы быйыл зыянсыздандырылып бүтөт

"Росатом" компаниясы өлкөдөгү уулуу калдыктар сакталган жайларды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Миң-Куштагы "Туюк-Суу" уран калдыктары сакталган жайды зыянсыздандыруу иштери быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу "Росатом" корпорациясынын сайтында кабарланган.
Маалыматка ылайык, Миң-Кушта "Дальнее" калдык сактоочу жайын консервациялоо, ал эми "Туюк-Сууну" толугу менен жоюу иштери жүрүүдө.
"Бул — эң татаал долбоорлордун бири. Анткени көчкү коркунучунан улам уулуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тарап кетүү ыктымалдуулугу бар эле. Эми мындай коркунуч жок", — деген корпорациянын өкүлү Василий Тинин.
Ошондой эле "Росатом" 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы уулуу калдыктар сакталган жайдагы иштерди улантат. Бул жерде 2019-жылы консервациялоо иштери жыйынтыкталганы белгиленди.
Мындан тышкары, компания Ош облусунун Ноокат районунда, Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылында дагы тиешелүү иштерди баштаары айтылды. Мунун баары Россиянын эсебинен жүргүзүлүп ишке ашырылып жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, өлкөдөгү уулуу калдыктар сакталган жайларды зыянсыздандыруу иштерин "Росатом" компаниясы жүргүзүп келет.
КР уран казылган жерлерди реабилитациялоо боюнча РФ менен келишимди ратификациялады