Мектептердин огородуна өсүмдүк, жашылча-жемиш өстүрүү пландалууда

Мектеп аянтчасында өстүрүлгөн жемиштерди окуучулардын тамактануусуна колдонуу максатталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мектептердин аянтчаларына өсүмдүк, жашылча-жемиш өстүрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана "Кыргыз агрохолдинг" ишканасынын жетекчиси менен жолугушкан. Анда тараптар окуучулардын тамактануусун жакшыртуу үчүн мектеп аянтчаларына айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү талкуулашкан.
Министрлик мектептердин аянтчаларына жашылча-жемиш айдап, өстүрүү окуучулардын тамак-ашын жакшыртып, балдарды эмгекке үйрөтүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча билимдерин тереңдетерин белгилеген.
Жыйындын соңунда атайын жумушчу топ түзүп, идеяны бир райондун же облустун мектептеринде сынап көрүү чечими кабыл алынган.
Радио
Министрлик: мектеп тамак-ашына ата-энелер да көмөктөшсө болот