Терроризм жаңы деңгээлге чыкты. Мамдума төрагасы Ливандагы жардыруулар тууралуу

Саясатчы пландаштырылган жогорку технологиялык чабуул дүйнөнү оор кесепеттерге кептеши мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Ливандагы электроника жардырууларына комментарий берип жатып, мындай "куралды" массалык түрдө чыгаруу террорчулукту жаңы деңгээлге көтөрөрүн айтты.
Төрага кылмыштарга каршы чара көрүү керектигин белгилеген.
"Турмуш-тиричилик электроникасынын жардыргыч түзүлүш катары колдонулушунун өзү тиешелүү иликтөөнү талап кылат. Мындай "куралды" массалык түрдө жайылтуу терроризмди жаңы деңгээлге чыгарат. Бул бардык өлкөлөр үчүн глобалдык коркунуч, мындай кылмыштарга каршы чара көрүү керек", — деп жазат Володин.
Саясатчы эл аралык институттар мындай кылмыштарга каршы чараларды иштеп чыкпаса бир дагы адам өзүн коопсуз сезе албай турганын белгиледи.
"Пландаштырылган жогорку технологиялык чабуул дүйнөнү оор кесепеттерге кептеши мүмкүн. Ливанда болгон окуяны кылдаттык менен иликтөө зарыл", — деди Володин.
Эскерте кетсек, буга чейин Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлер жардырылган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абяд 2,8 миңден ашуун адам жарадар болуп, 12 адам каза болгонун билдирген.
ЖМКлардын маалыматына караганда, пейджерлерди "Хезболла" кыймылынын мүчөлөрү хакердик чабуулга жана тыңшоолорго эң аз кабылган жабык байланыш системасы катары колдонушат. Ливан бийлиги окуяга Израилди айыптады.
Кийинчерээк өлкөнүн ар кайсы аймактарында рациялар жарылган. Анын кесепетинен 20 адам каза таап, 450 киши жарадар болгон.
Согуштун жаңы этабы. Ливандагы жарылуудан каза тапкандардын саны 20га жетти