Москвадагы ВДНХ комплексинде Кыргызстандын павильону ачылды. Видео

Павильондо экспортко багытталган продукциялар көрсөтүлүп, Кыргызстандын маданияты жана жаратылышы жөнүндө маалымат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Москва шаарында Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында “Кыргызстан” павильону ачылды.
Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышкан.

“Кыргызстан” павильонунан Москванын жашоочулары жана борбор калаанын коноктору азыркы Кыргызстандын каада-салты, жетишкендиктери, ийгиликтери жөнүндө билип, ошондой эле улуттук маданиятыбызга сүңгүп кире алышат”, — деген Туманбаев.

1 / 5

Москва шаарында Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында “Кыргызстан” павильону ачылды.

2 / 5

Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышкан.

3 / 5

Ал Россияга кыргыз тараптын улуттук павильонду калыбына келтирүүгө катышуусуна мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген

4 / 5

Былтыр президенттин иш башкармалыгына “Кыргызстан” павильонун капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы жүктөлүп, аны толтуруу, инженердик-ресурстук иштер жасалган

5 / 5

Павильондо экспортко багытталган продукциялар көрсөтүлөт

Ал Россияга кыргыз тараптын улуттук павильонду калыбына келтирүүгө катышуусуна мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген.
Былтыр президенттин иш башкармалыгына “Кыргызстан” павильонун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы жүктөлүп, аны толтуруу, инженердик-ресурстук иштер жасалган.
Павильондо экспортко багытталган продукциялар көрсөтүлөт. Ошондой эле ал жакка баргандарга Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана жаратылышы жөнүндө маалымат берилет.
Кыргыз азык-түлүктөрү Москвадагы эл аралык көргөзмөгө чыгарылды