Согуштун жаңы этабы. Ливандагы жарылуудан каза тапкандардын саны 20га жетти

Израилдин коргоо министри Йоав Галант согуштун жаңы этабы башталганын жана анын очогу түндүк фронтко өткөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ливандын ар кыл райондорундагы жарылуулардан каза тапкандардын саны 20 кишиге, жаракат алгандар 450гө жетти. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып жазды.
Соңку маалыматта мурда айтылып келгендей пейджерлердин эле эмес, эми эл рация, ноутбуктар да жарылып зыян тарткандыгы кабарланды. Алар негизинен "Хезболла" кыймылынын өкүлдөрү пайдаланган техника экени айтылып, Бейруттун ар кыл жерлериндеги үйлөрдөн, машиналардан, кеңселерден чыккан өрттүн видеолору тарады.
Израилдин коргоо министри Йоав Галант согуштун жаңы этабы башталганын жана анын очогу түндүк фронтко өткөнүн (Ливан менен чектеш жер) билдирди. Аткаминер ЦАХАЛ, Жалпы коргонуу кызматы жана "Моссад" тышкы чалгындоо кызматы "кубандырган" жыйынтык көрсөткөнүн айткан. Израиль армиясы Башкы штабдын жетекчиси Ливан багытында "коргонуу жана чабуулдун" планын бекиткенин маалымдады.
Ал арада Ливандын Байланыш министрлиги жарылган Icom V82 рациялары дилерден алынып, өлкөдө лицензиядан өтпөгөндүгүн билдирди.
Япониялык ICOM компаниясы жарылууда колдонулган рация алардын да продукциясы болушу мүмкүндүгүн айткан.
"Жасалмалары колдонулгандыгын тана албайбыз, бирок пайдаланылган продукциялар биздин компанияныкы болушу да ыктымал. Эгерде чын эле ошондой болсо, анда алар — IC-V82лер", — деген компаниянын коопсуздук жана тышкы соода боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ёсики Эномото.
Адис видеоматериалды көргөндөн кийин "товар алынгандан кийин батареясы жардыруу үчүн жасалган башкасына алмаштырылган" деген жыйынтык чыгарган. Компаниядан бул моделди чыгаруу токтотулгандыгын жана бул товарлар четке кандай жолдор менен сатылып жатканы иликтене баштаганын айтышкан.
РИА Новости аталган техниканы Россиядан да сатып алууга мүмкүн экенин берилген жарнамаларга таянып жазып чыкты. Маркетплейстерден анын сатыла турганы боюнча бир нече жарыя турганы жана баасы алты миң рублге чейин барары айтылды.
Эске салсак, Ливанда каршылашуунун буга чейин болуп көрбөгөн ыкмалары колдонула баштады. Тагыраагы, 2024-жылдын 17-сентябрында пейджерлер жарылып, эки миңден ашык киши жабыркап, сегиз адам көз жумган. Бул Израилдин "Хезболлага" карата жасаган кезектеги каршылык операцияларынын бири экени айтылды. "Хезболланын" мүчөлөрү колдонгон пейджерлер менен рациялардын жарылышына Израилдин тиешеси бар экенин Axios порталы менен Fox News да кечээ билдиришти.
Ливанда эми рациялар жарылды: 9 адам каза болуп, 300дөн ашыгы жаракат алды