ИИМ башчысы: "Коопсуз шаар" системасы өлкөнүн бардык аймагында ишке киргизилет

Буга чейин президент "Коопсуз шаар" тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Коопсуз шаар" системасы өлкөнүн бардык аймагына киргизилет. Бул тууралуу ИИМ башчысы Улан Ниязбеков билдирди.
1 / 2

19-сентябрда ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн-кеңешме өткөргөн

2 / 2

Ал кечээ президент "Коопсуз шаар" тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун эске салды

Ал 19-сентябрда ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн-кеңешме өткөргөн. Ал кечээ президент "Коопсуз шаар" тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун эске салды.
"Жарлыктын негизинде республиканын бардык аймактарына "Коопсуз шаар" тутумун жайылтып, элибиздин туруктуу коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо милдетин так аткарышыбыз керек. Бүгүндөн баштап Санариптик өнүктүрүү министрлигинен "Коопсуз шаар" тутумун өткөрүп алуу жумуштарын баштайбыз. Бардык жумуштар аяктагандан кийин аны республиканын бардык аймактарына жайылтуу процессине өтөбүз", — деди ИИМ башчысы.
Ошондой эле ал системаны иштетүү үчүн тиешелүү даярдыктарды көрүүнү жер-жерлердеги ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырды.
Ошто дүйшөмбүдөн тарта "Коопсуз шаар" ишке кирет. Эмнелерди билүү керек?