БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. УКМК Кыргызстандын күч органдарын каралаган фейк роликтин авторлорун издеп жатат.
Маалым болгондой, атайын кызмат тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүп, ал жайында Москвада А.Адишеров аттуу блогердин катталуучуларынын санын көбөйтүү үчүн пранк катары тартылганын аныктаган.
Анда Самат кыргыз каймана аты менен таанылган мушкер Самат Абдырахманов жана анын достору ижарага алган батирде отурганда ыкчам аракеттенүүчү атайын отряддын мүчөлөрүнүн кийимин кийген адамдар кирип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн.
УКМК коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында коомчулукту адаштырууга жана укук коргоо органдарын жаманатты кылууга деструктивдүү элементтер менен аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, авторлор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.