Милиция кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо сунушталууда

Коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендердин жоопкерчилигин күчөтүү мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин ЖКга келип түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо сунушталууда. Тиешелүү формулировканы камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.
Эске салсак, буга чейин депутат Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштап, коомдук талкууга жайгаштырган.
Ошол мыйзам долбооруна кошумчалар киргизилген. Тактап айтканда, кызматтык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерди "укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин каралоо максатында" фото жана видеого тартып интернетке таратуу үчүн 5000 сом айып салуу же жети суткага чейин камоо сунушталууда.
"Өз кызматтык милдетин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, коомчулуктун көз алдында жаманатты кылуу, мазактоо же кемсинтүү жана атайлап каралоо максатында фото, видеого тартып интернетке таратуу фактылары байкалууда. Аларга карата таасир этүүчү чаралар көрүлбөгөндүктөн милициянын жана башка укук коргоо органдарынын коомдогу бедели төмөндөп, анын ишмердүүлүгүнө баа берүүдөгү терс көрүнүштөр күч алууда", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Ошондой эле документте тиешелүү кызматтардын мыйзамдуу талабына баш ийбегендерди кармоого болору кошулуп, коомдук транспортто бейбаштык кылгандарга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салуу сунушу менен толукталган.
Мыйзам долбоорун демилгелегендердин катарында Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырысбек Атажанов бар.
Чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштар үчүн жаза катаалдаштырылууда