Израиль Ливандын түштүгүнө сокку урду. Сүрөт, видео

Кол салуу "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла сүйлөп жаткан убак менен бир мезгилде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Израиль армиясы "Хезболла" тобунун мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктурасын бузуу үчүн сокку уруп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Израиль армиясынын башкы штабынын жетекчиси Герци Халеви Түндүк фронтто согушту улантуу пландарын бекиткен.
Кол салуу "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла сүйлөп жаткан убак менен бир мезгилде болгон. Израилдин Аба күчтөрүнүн учактары Бейруттун үстүнөн өтө төмөн бийиктикте учуп өтүшкөн. Насрулла соңку жардыруулар теракт экенин, Израиль ливандыктардын жашоосуна бүлүк салуу менен бардык чектен ашканын айткан.
Эскерте кетсек, буга чейин Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлер жардырылган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абяд 2,8 миңден ашуун адам жарадар болуп, 12 адам каза болгонун билдирген.
ЖМКлардын маалыматына караганда, пейджерлерди "Хезболла" кыймылынын мүчөлөрү хакердик чабуулга жана тыңшоолорго эң аз кабылган жабык байланыш системасы катары колдонушат. Ливан бийлиги окуяга Израилди айыптады.
Кийинчерээк өлкөнүн ар кайсы аймактарында рациялар жарылган. Анын кесепетинен 20 адам каза таап, 450 киши жарадар болгон.
Ливандагы пейджер жарылуусу: Ирандын элчиси көзүнөн ажырады