Wildberries кеңсесиндеги атышуудан эки адам көз жумду. Видео

Окуя боюнча үч берене менен иш козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Wildberries кеңсесиндеги атышуудан эки адам каза болуп, жетөө жабыркады. Россиянын Тергөө комитети жарадар болгондордун экөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Окуя боюнча “Адам өлтүрүү”, “Адам өмүрүнө кол салуу” жана “Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу” беренелери менен иш козголду.
Буга чейин Wildberries негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук кеңсени рейдерлик басып алуу аракеттери болгонун билдирген. Бул иштин башында Владислав Бакальчук, Сергей Ануфриев жана Владимир Бакин баштаган топ турганын айткан.

"Бизде эч кандай сыр жок, ошондуктан бул башаламандыкты уюштурган адамдардын аракеттери боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын ачыктоону өтүнөм", — деген ишкер айым.

Эске салсак, Татьяна Бакальчук менен күйөөсү Владислав Бакальчуктун айланасындагы чуу июль айында күч алган. Татьяна Бакальчук ажырашуу үчүн арыз жазган. Алардын жети баласы бар. Түгөйлөр РФтеги учурдун эң ири маркетплейсин 2004-жылы негиздешкен. Forbes журналы Татьяна Бакальчуктун каражатын 7,4 миллиард доллар деп эсептеген.
Владислав Бакальчук үй-бүлөнүн бул бизнеси рейдерлик басып алууга тушукканын, өзүн андан четтетип коюшканын билдирген. Ошондой эле ал бизнес ажырашкандан кийин тең бөлүнүшү керектигин айтып келет.
Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео