БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Нарын шаарын кеңейтүү максатында Кара-Бүк участкасындагы 300 гектар жерге заманбап "Нарын-Ордо" аталышындагы экошаарча курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымат 17-сентябрда өткөн Нарын шаарынын күнүнө карата "Ала-Тоо" стадионунда чоң майрамдык иш-чарада айтылган.
Өкүлчүлүк тараткан билдирүүдө учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатканы, бул Кыргызстандагы мегадолбоорлордун бири болору белгиленди.
"Мындан тышкары, "Нарын-Реновация" долбоору ишке ашырыла баштаганы маалым болду. Анын алкагында шаарга 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулуп, Ленин көчөсү оңдолуп, кеңейтиле баштады. Буга кошумча, бир айдын ичинде "Теңир-Тоо сити" бизнес-комплекси салына баштайт. Инвестициянын көлөмү 20 миллион доллардан ашуун", — деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, Нарын шаары 1868-жылы негизделип, алгач Жети-Суудан Кашкарга кетчү соода жолундагы кыргыздардын аскер чеби катары түптөлгөн. Акырындык менен Нарын дарыясынын жээгине алгачкы турак жайлар түшүп, калктуу конуштар ɵсɵ баштаган.
1939-жылы Нарын шаарына Нарын облусунун борбору статусу берилип, шаарчанын негизги планы иштелип чыккан.
Ал эми 2004-жылы Нарын калаасына облустук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.