Мэрия таштанды челектен акыр-чикир чогулткандарга айып салынарын эскертти

Таштанды чогулткандар айлананы чачып, мындан шаардын көрүнүшү бузулуп жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Контейнерлерден таштандыны иргеп чогултуу мыйзамдын бузулушуна кептеп, айыпка жыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Муниципалдык инспекция калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзам бузулган учурлар көбөйгөнүн белгилөөдө.
"Мыйзамга ылайык, контейнердеги таштанды мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдардын менчиги болуп саналат. Ал эми таштанды чогулткандар контейнерлердин айланасында башаламандык жаратып, мындан борбордун сырткы көрүнүшү бузулууда. Контейнерден таштанды (бөтөлкөлөрдү, банкаларды жана башка буюмдарды) чогултууга тыюу салынат. Бул Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринде бекитилген", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет жобону бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынарын эске салды.
Садыр Жапаров шаардыктардан таштандыны кечкисин ыргытууну өтүндү