Ливандагы пейджерлердин жарылуусунан 4000ден ашуун киши жабыркады

Саламаттык сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши каза тапканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. БУУнун Ливан боюнча координатору Жанин Хеннис-Плассхерт өлкөдө пейджерлер жардырылган кейиштүү окуяны сындап, аны "курчуп кете турган өтө кооптуу кырдаал" деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кечээ Ливандын райондорунда мурда кездешпегендей окуя болуп, кишилер колдонуп жүргөн пейджерлер жарылган. Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши көз жуумп, төрт миңге чукул адам жаракат алганын билдирди.
Жанин Хеннис-Плассхерт жай жарандар бардык учурда коргоого алынышы керектигин айткан.
"Бул окуя курчуп кете турган өтө кооптуу кырдаалга айланышы мүмкүн",— деп өкүл кызыкдар тараптарды андан аркы кооптуу кадамдар менен басташкан аракеттерден алыс болууга чакырган.
Бир катар ЖМКлардын жазганына караганда, "Хезболла" кыймылынын адамдары бул аппараттарды аз тыңшалат деген максат менен өз ара ички, жашыруун байланыш үчүн колдонуп келишкен. Аталган кыймыл менен Ливан бийлиги жоопкерчиликти Израилге жүктөдү.
Ири эл аралык ЖМКлардын бири Израилдин "Моссад" деп аталган чалгын кызматы Тайвань өндүрүшүнөн чыккан, "Хезболла" буюртма берген беш миң пейджерге жарылчу заттарды салып койгон деп жазды. Axios басылмасынын жазганына таянсак, бул операцияны Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана министрлер кабинети Коопсуздук кызматынан жетекчилери менен макулдашкан.
Буга чейин "Хезболла" тобунун лидери Израиль менен чектеш аймактагыларды смартфон колдонбой турууга чакырган. Анын айтымында, Израиль армиясы жабдууларды бузуп кирүүгө мүмкүндүк берген технологияга ээ.
Түркия министри Израиль премьери Нетаньяхуга Гитлердин тагдырын убада кылды