УКМК "Аю холдингдин" мурдагы президентин кармады

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Аю холдингдин" мурдагы президенти О.Б.А. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүнүн Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган Салим байбача каймана аты бар белгилүү Салимбай Абдувалиев менен да байланышы аныкталган.
"О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү. Ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдой турганын билдирди. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алды", — деди УКМК.
Азыркы тапта тергөө амалдары уланууда.
Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Кыргызстандан колго түштү