Улуттук музыкалык аспап жасаган усталар арасында сынак жарыяланды. Шарты

Улуттук музыкалык аспап жасаган уста. Иллюстративдик сүрөт. Архивдик сүрөт
Сынакка катышууну каалаган усталар документтерин 3-октябрга чейин жөнөтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталар арасында сынак жарыялады.
Конкурс комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын арасында өтмөкчү.
"Сынак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталарды колдоо, аспаптардын сапатын жогорулатуу максатында уюштурулду", — деп билдирди министрлик.
Талап боюнча, усталар жасап бүткөн, колдонууга даяр аспаптарын көрсөтүүсү зарыл. Ал эми Карамолдо менен Алымкулдун комузунун аутенттүүлүгүн (үнү оригиналдын өзүндөй болушун) тапкан ("Насыйкат", "Ибарат", "Чоң кербез") аспаптын үнүнө, жасалгасына жаңылык киргизген усталарга артыкчылык берилет.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына чейин umdkomuz@mail.ru электрондук почтасына жөнөтсө болот. Сурап-билүү номери: 0701336826, 0555336826.
Баса, Sputnik Кыргызстан буга чейин улуттук музыкалык аспаптар боюнча кызыктуу инфографика даярдаган.
Маданият министри: аспаптарды жаңырттык, бирок музыкант жетишсиз