Ливанда пейджерлердин массалык жарылуусунан 2 миңден ашык адам жабыркады

Буга чейин "Хезболла" тобунун лидери Израиль менен чектеш аймактардагыларды смартфон колдонбой турууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ливанда пейджерлер жарылып, 2 миңден ашык киши жабыркап, сегиз адам көз жумганын РИА Новости жазды.
Жабыркагандардын арасында Ирандын Ливандагы элчиси Моджтаба Амани бар. ЖМКлар Бейрут, Сайда жана Тирадагы ооруканалар жарадарларга толуп калганын жазышты.
Al Jazeera маалымдагандай, аппараттарды жардыруу Израилдин атайын кызматтарынын операциясынын натыйжасы болушу ыктымал.
Буга чейин "Хезболла" тобунун лидери Израиль менен чектеш аймактардагыларды смартфон колдонбой турууга чакырган. Анын айтымында, Израиль армиясы жабдууларды бузуп кирүүгө мүмкүндүк берген технологияга ээ.
Дагы бир версия боюнча, пейджерлерди "Хезболланын" мүчөлөрү жашыруун билдирүүлөр менен алмашуу үчүн колдонушу мүмкүн. Аларда өзүн-өзү жок кылуу механизмдери болушу ыктымал.
Израиль "Хезболланын" жооп иретиндеги чабуулун күтүүдө.
Израилдин Газага соккусунан каза болгондордун саны 41 миңден ашты