Грузиянын парламенти ЛГБТ* пропагандасына тыюу салды

Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жыйынга катышкан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Грузин парламенти ЛГБТ пропагандасына тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү, соңку окууда кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Грузия кабарлады.
Долбоорду колдоп 84 депутат добуш берди. Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жыйынга катышкан жок.
Эске салсак, документтин авторлору — бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын мүчөлөрү.
Мыйзам долбоору ЛГБТ пропагандасына, бир жыныстуу никеге жана жынысын алмаштырууга, бир жыныстуу жубайлардын же гетеросексуалдык эмес ориентациядагы адамдардын бир жыныстагы интимдик мамилелерди, бала асыроону же камкордукка алууну пропагандалоого багытталган жолугушууларга жана кампанияларга тыюу салат.
Жынысты алмаштырууга байланыштуу медициналык кийлигишүүгө, телевидениеде бир жыныстагы адамдардын интимдик көрүнүштөрүн көрсөтүүгө да тыюу салынат.
Мындан тышкары, ЛГБТ маселелерин жайылтууга багытталган коомдук чогулуштарды же демонстрацияларды өткөрүүгө болбойт. Өзгөртүүлөрдүн пакетинде 18 жашка чейинкилер үчүн кинотеатрларда гомосексуалдык көрүнүштөрү бар тасмаларды көрүүгө чектөө киргизүү да камтылган.
Мыйзам долбоору президент кол коюп, өлкөнүн башкы гезитинин сайтында жарыялангандан кийин дароо күчүнө кирет.
* Россияда экстремисттик кыймыл катары таанылып, тыюу салынган
ЛГБТны* пропагандалоону тыюу. Лавров Грузия бийлигинин саясаты тууралуу