Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салууну профилдик комитет колдоду

Гидроциклдер адам өмүрүнө коркунуч туудурганы аз келгенсип, көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизгени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу мыйзамын колдоду.
Аталган мыйзам долбоору парламентке июнда келип түшкөн.
Анын демилгечиси депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдө гидроциклдер көп кырсыктап жатканына кабатыр болгон. Мындан улам ал гидроциклдерди колдонгону үчүн 20 миң сомго чейин айып салууну сунуштаган.
Ошондой эле эл өкүлү аталган транспорт адам өмүрүнө коркунуч туудурганы аз келгенсип, көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
Ысык-Көл сазга айланып баратат! Экологдор коңгуроо кагууда