КУУнун жаңы ректору Догдурбек Чонтоевдин өмүр баяны

Догдурбек Чонтоев 1966-жылы 10-декабрда Ысык-Көл облусунун Дархан айылында төрөлгөн.
Sputnik
Билими:
1986-1991 — Кыргыз улуттук университетинин география факультетин аяктаган;
2002 — кандидаттык диссертациясын жактаган;
2005 — доцент наамын алган;
2014 — доктордук диссертациясын жактаган.
Эмгек жолу:
1991-2007 — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (мугалим, кафедра жетекчиси, декан);
2007-2012 — Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (менеджмент жана туризм факультетининин деканы);
2012-2013 — Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин докторанты;
2014-2016 — Билим берүү министрлигинин алдындагы Кесиптик билим башкармалыгынын жетекчиси;
2016-2018 — Билим берүү министрлигинин алдындагы Илим департамент башкармалыгынын жетекчиси;
2018-2024 — Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору;
2024-жылдын 16-сентябрынан тарта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору.
Түмөнбай Байзаковдун өмүр баяны