БИШКЕК, 16-Сен. — Sputnik. Шейшембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы +21...+23, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.