Ошто дүйшөмбүдөн тарта "Коопсуз шаар" ишке кирет. Эмнелерди билүү керек?

Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пул расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаарында 16-сентябрдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору толук ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Долбоордун алкагында атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө жана видеого тартып алып, ал боюнча кызматкерлер айып пул салып баштайт.
Кесилиштерге орнотулган камера төмөнкү эреже бузууларды аныктайт:
ылдамдыкты ашыра айдаганда;
маршруттук автоунаалар жүрүүчү тилкеге жеңил машина кирген учурда;
каршы жол тилкесине чыкканда;
коопсуздук курун тагынбаганда;
автоунаа жөө кишилерге жол бербегенде;
автоунаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
машина жөө кишилер өтүүчү жерге токтогондо;
жол белгилерине маани берилбеген учурда;
машинаны "стоп" сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;
тротуарга автоунааны токтоткондо.
Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пул расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.
ИИМ "Коопсуз шаардын" айып каттарын жеткирүүгө 31,2 млн. сом сарптайт