Бали! Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды

Ушуну менен кыргызстандык спортчу мексикалык атаандашы менен үчүнчү ирет октаганго чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды.
Ал бүгүн, 15-сентябрда, Лас-Вегаста (АКШ) өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Грассону утту. Беттештин жүрүшүндө Шевченко үстөмдүк кылды. Төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды.
1 / 5

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды

2 / 5

Ал бүгүн, 15-сентябрда, Лас-Вегаста (АКШ) өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Грассону утту. Беттештин жүрүшүндө Шевченко үстөмдүк кылды.

3 / 5

Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты

4 / 5

Биринчи кармашта Грассо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган

5 / 5

Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган эле

Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Грассо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган эле.
Валентина Шевченко UFC реалити-шоусунда устат болот