Американын ЖМКларды айыптоосун Россия ТИМи сөз эркиндигине чабуул деп атады

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. АКШнын Россиянын ЖМКларына каршы жаңы санкциялары сөз эркиндигине кол салуу болуп саналат. Бул тууралуу РФ ТИМинин маалымат катчысы Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү кырдаал өзгөчө. Кечээ АКШдагы россиялык журналисттер чабуулга туш болушту. Алар корпорация катары жана жеке адам катары дагы кадимкидей маалыматтык террорчулукка кептелишти", — деди Захарова.
Ал америкалык жаңы санкциялар "сөз эркиндигине, журналисттик кесипке, адамдык ар-намыска кол салуу" экенин басым кыла белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путиндин РФке Батыш куралы менен сокку уруу боюнча айтканына Байдендин жообу