Трампка кол салуу учурундагы жашыруун кызматтын ишинен мыйзам бузуулар табылды

Коомчулукту селт эттирген окуяга байланыштуу жашыруун кызматтан бир нече адам жумуштан кете турганы божомолдонгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Июлдагы Дональд Трампка кол салуу учурунда жашыруун кызматтын ишинен алешемдиктер аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, жашыруун кызматтын ички иликтөөсүндө коопсуздук чараларын көрүүдө кемчиликтер аныкталган.
"Адегенде Трампка ок атылган чатыр менен ал сүйлөп жаткан сахнанын ортосуна ар кандай жабдуу, желектерди коюуну пландап, бирок андай кылышкан эмес. Мындан тышкары, маалымат берүү системасында олуттуу кемчиликтер аныкталган. Маселен, Кайгуул милициядан түз сигналдарды кабыл алышы керек болгон кызматтык бөлмөсү иштебей, маалымат бардык агентке жеткиликтүү болгон эмес. Трампты аткан шектүүнүн сүрөтү бир гана офицерге жөнөтүлгөн", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Иран тарабынан саясатчыга кол салуу аракети болушу мүмкүн делген чалгын маалыматтарга карабастан Трампты коргоо күчөтүлбөгөнү белгиленген.
Агенттик бул окуяга байланыштуу жашыруун кызматтан бир нече адам жумуштан кеткенин, иликтөөнүн жыйынтыгы менен дагы кете тургандар бар экенин кошумчалаган.
"Жаңы кесип пайда болот". Захарова АКШ RT каналына салган жаңы санкция тууралуу