Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
“Росатом” Жалал-Абад облусуна чакан ГЭС куратАзимбек Бекназаров Апрель окуялары боюнча иштин алкагында кармалды окуучусу аз 53 мектеп оптимизация болот алдыда кененирек...
Билим берүү жана илим министрлигинин "Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө" буйругу чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. Буйрукка ылайык, жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат. Анын алкагында: Ош облусунда – 22; Нарын облусунда – 10; Чүй облусунда – 6; Баткен облусунда – 5; Жалал-Абад облусунда – 5; Талас облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 1 билим берүү уюму кошулат. Жергиликтүү бийлик билим берүү уюмдары менен биргеликте оптималдаштыруу иштерин 1-ноябрга чейин аякташы керек. Ал эми жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 1-декабрга чейин жыйынтыктоосу керек болот.
Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы Жалал-Абад облусуна кубаттуулугу 30 МВтка чейинки чакан ГЭС курат. Кыргыз-Россия экономикалык форумунда инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча келишим түзүлдү. “Чандалаш” аттуу объект үч жылдын ичинде ачылат деп күтүлүүдө. “Жашыл” энергияны өндүрүү менен катар жумушчу орундарды түзүү, өнөр жайды жана аймактын жашоо деңгээлин өнүктүрүү үчүн инфраструктура түзүлөт. “Росатомдун” алдыңкы технологиялары колдонулат. Долбоорго мүмкүн болушунча жергиликтүү подряддык уюмдар жана ишканалар тартылары күтүлүүдө. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Альфа Ойл” ЖЧКсы каржылоону камсыздайт.
УКМК саясатчы Азимбек Бекназаров кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелүүдө. Атайын кызмат 2010-жылдагы апрель окуяларында банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн акча каражаттарды уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи. Бекназаров 12-сентябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, УКМК кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатканын кабарлады.
Россия лидери Владимир Путин НАТО мамлекеттери Украина согушуна түз катышуу ыктымалдыгын сүйлөшүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп айткандан кийин Батыш ага өзүнүн реакциясын жасап, билдирүүсүн таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Эске салсак, Путин эгерде жогоруда айтылгандай чечим кабыл алынса, ал чатактын түпкү маани-маңызын таптакыр өзгөртөрүн белгилеген. "Бул АКШ, Европа мамлекеттери Россия менен согушат дегенди билдирет", — деген Путин. Ал ошондой эле НАТО өлкөлөрү сөз болуп жаткан кадамдары боюнча "акыл калчап ойлонуп, өздөрүнө отчет бериши керектигин" кошумчалаган. Мындай билдирүүдөн кийин АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлүнүн орун басары Ведант Патель америкалык курал менен Россиянын түпкүрүнө чабуул жасоого коюлган чектөөнү алып салууга даяр эместигин айтты.