Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

“Росатом” Жалал-Абад облусуна чакан ГЭС курат

Долбоорго мүмкүн болушунча жергиликтүү подряддык уюмдар жана ишканалар тартылары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы Жалал-Абад облусуна кубаттуулугу 30 МВтка чейинки чакан ГЭС курат.
Кыргыз-Россия экономикалык форумунда инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча келишим түзүлдү. “Чандалаш” аттуу объект үч жылдын ичинде ачылат деп күтүлүүдө.
“Жашыл” энергияны өндүрүү менен катар жумушчу орундарды түзүү, өнөр жайды жана аймактын жашоо деңгээлин өнүктүрүү үчүн инфраструктура түзүлөт. “Росатомдун” алдыңкы технологиялары колдонулат.
Долбоорго мүмкүн болушунча жергиликтүү подряддык уюмдар жана ишканалар тартылары күтүлүүдө. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Альфа Ойл” ЖЧКсы каржылоону камсыздайт.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Россиянын "Росатом" компаниясы Ысык-Көлгө ири объект курат. Видео