Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Россиянын "Росатом" компаниясы Ысык-Көлгө ири объект курат. Видео

Көк-Мойнок айылынын жанында ири шамал электр станциясы пайда болот. Курулушка бир жылдай убакыт кетери айтылды.
Sputnik
Көлдөгү Көк-Мойнок айылынын жанында “Росатомдун” шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты.
Инвестициялык долбоорду "Росатом Возобновляемая энергия" ачык акционердик коому ишке ашырмакчы.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мындай демилгелер Кыргызстандын жаратылышын сактоого чоң салым кошо турганын белгилеген.
“Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы жогору аймактардын катарына кирсе да, биз керектөөбүздө шамалдын, күндүн же биогаздын энергиясын колдонгон жокпуз. Бизде жылына 300дөн ашык жылуу күн болуп, жергиликтүү шамалдын күчү элдик уламыштарда чагылдырылган. Азыр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Мойнок айылында 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясынын курулушу башталганына күбө болуудабыз”, – деген Акылбек Жапаров.
Сөз болуп жаткан шамал станциясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болору айтылды. Ал жылына 280 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Жалпы аймагы 200 гектарды түзмөкчү.