Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британия ТИМи Украинага 100 жылдык колдоо убадалады

Лэмми Британия өкмөтүнүн Киевди колдоо боюнча билдирүүсүнүн тезистерин айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Улуу Британия ТИМинин башчысы Дэвид Лэмми Бириккен Падышалыктын Украинаны колдоо багытындагы "100 жылдык өнөктөштүк" боюнча билдиргенин РИА Новости жазды.
Министр Киевдеги маалымат жыйында АКШ жана украиналык кесиптештери менен болгон жолугуудан соң чыгып сүйлөгөн.
"Биз аскерий колдоо туурасында эле сүйлөшкөн жокпуз. Санкция, гуманитардык муктаждыктар, энергетика боюнча кеп кылдык. Күчтүү союздаштар жана биздин милдеттер боюнча кеңири талкуулар жүрдү. Бул кыштагы эле эмес, 100 жылдык өнөктөштүк, Улуу Британиянын милдеттенмелери жана күчтүү союздар жөнүндө кеңири темалар. Анткени биз Украинаны узак мөөнөткө чейин колдойбуз", — деген Лэмми.
Министр алардын өкмөт башчысы Кир Стармерге Россиянын түпкүрүндөгү аймактарга сокку уруусу үчүн алыска жетчү ракеталарды колдонууга уруксат берүү боюнча талкуунун жыйынтыктарын маалымдай турганын билдирди.
Лэмми аны менен катар Британия өкмөтүнүн Киевди колдоо боюнча билдирүүсүнүн тезистерин айтып берди. Алар жыл соңуна чейин абадагы кол салуудан коргонуучу 100 ракета, он миңдеген артиллериялык ок-дары жана кошумча дагы сооттолгон техника берүү үчүн 600 миллион фунт стерлинг бөлүү боюнча пландар эле.
Буга чейин РФ НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ жакында Киевге Россияга тереңдеп сокку урууга уруксат бериши мүмкүн