Сокулуктагы окуучунун өлүмү боюнча Билим берүү министрлиги үн катты

Ведомство бала билим берүү уюмунун аймагынан, окуу убактысынан тышкары болгондо алардын ден соолугу, өмүрү үчүн ата-эне жооптуу экенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Сокулук районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Билим берүү министрлиги үн катты.
Эске салсак, өспүрүмдүн көз жумганы боюнча маалымат милицияга 5-сентябрда түшкөн. Факт электрондук журналга катталып, текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук райондук милициясына көз жумган баланын классташтары сурак беришкен. Кылмышка шектелип 16 жаштагы бала кармалган.
Ведомство окуя сабактан тышкаркы убакта, балдар мектептен чыккандан кийин болгонун кабарлады.
"16 жаштагы бала 9-класстын окуучуларын (болжол менен 25-30 бала) мектептен эки чакырым алыстыктагы жерге чогулткан. 20дай бала өз ара чечишип алган соң кетип калган. 16 жаштагы өспүрүм калган балдарды тизип уруп жатканда Э.А. өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ага суу чачып, эсине келтиргенге аракет кылышкан. Бирок бала өзүнө келбегендиктен Тез жардам кызматын чакырышкан", — деген министрлик.
Ведомство "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бала билим берүү уюмунун аймагынан, окуу убактысынан тышкары болгондо алардын ден соолугу, өмүрү үчүн ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөр) жооптуу экенин эске салды.
Бул окуядан кийин кылмышка шектелип балдарды чогулткан 16 жаштагы Б.С. кармалып, Сокулук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бишкекте бетон аралаштыргыч машина менен кагышкан скутерчи мүрт кетти. Видео