Илон Маск АКШ банкротко кабылып бара жатканын айтты

Трамп эгерде президент болуп калса өкмөттүн майнаптуулугун арттыруу максатында комиссия түзө тургандыгын жана аны Маск жетектей турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск АКШда мамлекеттик карыз боюнча пайыздык төлөмдөр коргонуунун бюджетинен ашып, өлкө банкротко бара жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Президентик шайлоого Республикалык партиядан аттанган Дональд Трамп өткөн аптада эгерде жеңип кетсе өкмөттүн майнаптуулугун арттыруу максатында комиссия түзө тургандыгын белгилеп, аны Маск жетектей турганын кошумчалаган.
Эгерде Трамп жеңсе, анда биз өкмөттүн көлөмүн кыскартуу жана мамлекеттик жөнгө салууну жоюу боюнча сейрек мүмкүнчүлүккө ээ болобуз. Америка тез арада банкрот болуп баратат... Коргоо министрлигинин бюджети деген өтө чоң бюджет. Бул жылына бир триллион доллар. Ал эми мамлекеттик карыз боюнча төлөм ошол коргонуу бюджетинен ашып кетти", — деген Маск All-In подкастында.
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Анда Демократиялык партиядан Камала Харрис, республикачылардан Дональд Трамп өлкө башчылык кызмат үчүн ат салышмакчы.
АКШнын айласын кетире турган көйгөй дефолт эмес, башка. Экономисттин пикири