Эмгек министрлиги соцкызматтарды канча адам алып жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Республика боюнча 945 социалдык кызматкер иштейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 3 655 жалгыз бой кары-картаң, 2 096 майып, 190 улгайган жубай, 3 227 адам оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөдөгүлөр болуп жалпы 9 миң 166 адамды үй шартында тейлешет.
"Ар бир соцкызматкер аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуга барат. Башкармалыктын соцкызматкерлеринин кызматын алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык жардамга муктаж адамдын кошуналары жана жакын адамдары жазуу жүзүндө кайрылуусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик: жарандардын 4 категориясы үйүндө соцкызматтарды алууга укуктуу