Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киев Россияга каршы террорчуларды Сириядан алып келгенге аракеттенүүдө

Киев администрациясынын өкүлдөрү террорчулар менен 18-июнда Идлибде жолукканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Киев администрациясы Россияга каршы террорчуларды алып келүү максатында террордук "Хайят Тахрир аш-Шам"* уюмунун өкүлдөрү менен Сирияда сүйлөшкөн. Бул туурасында Түркиянын Aydınlık басылмасы билдиргенин РИА Новости жазды.
"Киев администрациясы Күрдстан жумушчулар партиясы менен Сириядагы россиялык аскерлерге каршы жашыруун операцияларды өткөрүү үчүн кызматташкан, эми Идлибди басып алган "Хайят Тахрир аш-Шам"* террордук уюм менен байланыш түздү. Жергиликтүү маалымат булактар соңку айларда украин делегациясы Идлибге барып, аталган террордук уюмдун лидерлери менен жолукканын билдирди", — деп жазат басылма.
Анда Киев администрациясынын өкүлдөрү террорчулар менен 18-июнда Идлибде кездешкени айтылат.
"Белгилүү болгондой, Киев администрациясында Россия менен болгон согушта аскерлер жетишпеген көйгөй турат, майдан үчүн жаңы күчтөрдү издеп жатат. Украина бийлиги, алгач өзүнүн түрмөлөрүн бошотуп, андан соң террордук уюм — Күрдстан жумушчулар партиясына ымалалаш болуп, эми "Хайят Тахрир аш-Шамга"* кайрылганы таң каларлык эмес," — деп жазылат макалада.
Эске салсак, бир катар африкалык республикалар Украина менен дипломатиялык байланышын үзгөн. Бул чечим Киевдин аталган аймактын өлкөлөрүндөгү террорчуларды колдогонуна байланыштуу кабыл алынган. Ал кезде Сенегал ТИМи Украина элчиси Юрий Пивоваровду бул үчүн чакырган эле.
Буркина-Фасонун дипломатиялык ведомствосу дүйнө коомчулугун террордук топтордун Киев тарабынан колдоого алынышына өзүнүн баасын берүүгө чакырган.
* Ишмердүүлүгүнө Россияда тыюу салынган уюм
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ министрлиги: НАТОчулар жалданмалардын атын жамынып Украина үчүн согушууда