Сергек жашоо – ден соолуктун булагы. Аялдарга спорттун кайсы түрү пайдалуу?

Sputnik
Бүгүнкү күндө көптөгөн аялдар ден-соолугуна кам көрүшөт. Алар эко-азыктарды, витаминдерди ичишет, спорт залдарына барышат жана волейбол, денени калыпка келтирүү, көркөм гимнастика сыяктуу спорттун түрлөрүн тандашат. Көркөм гимнастика - эң кооз спорт түрү. Анда аял денесинин назиктигин жана ийкемдүүлүгүн өнүктүрөт. Ошондой эле йога да кыз-келиндерге, айымдарга, пенсионер апаларга ылайыктуу спорт болуп саналат. Спорт менен машыгууда адам ден соолугун чыңдоо менен бирге депрессия, стресстен арылат. Бүгүнкү күндө спорт түрү көп. Бирок бодибилдинг, футбол, бокс жана оор атлетика айымдарга сунушталбайт. Айымдардын ден соолугуна спорттун кайсы түрү пайдалуу?
“Көз мончок” уктуруусунан тыӊдаӊыз.