Дарыгер инсультка кептей турчу азыктарды атады

Зыяндуу делген азыктардын арасында пакеттеги шире, ак нан дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору Владимир Попов инсультка кептей турган тамактарды тизмектеп бергенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, туз менен кумшекер — ден соолуктун биринчи душманы.

"Туз кан басымды жогорулатат, ал эми кант менен чогулган майлар кан тамырдын иштешин бузуп өнөкөт ооруларды пайда кылат. Ошондуктан газдалган таттуу суусундук, торт, даяр десерт, майонез, кетчуп, ак нан, пакеттеги ширелерди болушунча жебегенге аракет кылуу керек. Бул азыктарды көп колдонгон адам инсультка кабылышы толук мүмкүн", — деген Попов.

Адистин айтымында, курамында кумшекер, туз, эмульгатор, жасалма ароматизатору көп тез татымдар да ден соолукту билгизбей талкалайт. Чипсы, гамбургер, картошканын фриси, тоңдурулган пицца, консерваларды да азайтуу маанилүү экени кошумчаланды.
Адис буга чейин айтылып келгендей эле жашылча-жемиш, балык, тоок эти, зайтун майы, жаңгактын түрүн көбүрөөк пайдалануу керектигин белгилеген.
20-30 жаштагылар инсульт, инфаркт болууда. Ооруну алдын алуу жолу