10-сентябрга карата аба ырайы

10-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Шейшембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +15...+20, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +24...+26 градус жылуу болот.
Өлкөнүн беш аймагында жамгыр жаап, сел жүрөт! ӨКМдин эскертүүсү