Тарыхтагы бурулуш учур. 1924-жылы Пишпекте өткөн курултай жана ККАОнун түзүлүшү

Sputnik
1924-жылы 27-октябрда Түркстан АССРи, Бухара жана Хорезм элдик советтик республикалары жоюлуп, Өзбек жана Түркмөн ССРлери пайда болот. Каракалпак чөлкөмү Казак АССРи менен биригип, Тажик АССРи Өзбек ССРинин курамына кирет. Ал эми Кара-Кыргыз автоном облусу (ККАО) Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасына (РСФСР) кошулат.
1 / 15

Орто мектептин окуучулары Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын жетекчиси Владимир Лениндин өлгөн күнүнө арналган митингде. Покровка кыштагы (азыркы Кичи-Кызыл-Суу) Жети-Өгүз району. 1924-жыл 21-январь.

Адегенде Орто Азиядагы жаңы уюшулган республикаларда жана облустарында башкаруунун өзгөчө формасы киргизилген. Борбордон атайын революциялык комитеттер (ревком) дайындалган. Алар жаңы республикалар менен аймактарда революциялык тартипти орнотуп, ыкчам башкаруу жүргүзүшү абзел болчу. Андан кийин Ревком республикалар советинин (аймактардын) Учредителдик съездине аткаруу бийлигин өткөрүп бериши керек эле.

2 / 15

1924-жылы 21-октябрда Бүткүл Борбордук аткаруу комитети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун (ККАО) 17 адамдан турган ревкомун бекитип, төрагалыгына Иманалы Айдарбеков дайындалат. Кара-Кыргыз автоном облусунун мамлекеттик аппараты убактылуу Ташкентте жайгашкан болчу.

3 / 15

Кыргызстанда Кеңеш өкмөтүнүн бийлигин орнотууга активдүү катышкан большевик Яков Гритчин. Ал 1920-жылы Пишпек уездинин аскер комиссары болгон. Гритчин Айдарбековдун жакын үзөңгүлөшү эле. Пишпек, 1920-жылдар.

Ташкентте жайгашкан ревком жарым жыл ККАОнун уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Облустун мамлекеттик аппараты түптөлгөн, Кыргызстандын борбору аныкталган, экономиканын өнүгүүсү башталган, өндүрүш жана керектөөнү эсептөө жана катуу көзөмөлдөө, коомдук тартип орногон. 1924-жылы декабрда Иманалы Айдарбековдун аракети менен мамлекеттик аппарат Ташкенттен Пишпекке которулат.

4 / 15

Кыз-келиндердин бөлүмү жана Пишпек Коммунисттик партиясынын комитетинин жетекчиси Анна Матрохинанын төрагалыгы менен өткөн II райондук конференция. 1925-жыл 8-ноябрь. Архивде сакталган документтерде Матрохина кыргызча билет деп жазылган.

ККАО ревкому Пишпектен орун алган соң Пишпек, Каракол-Нарын, Жалал-Абад жана Ош болуп төрт аймактык-администрадивдик округ уюштурат.

5 / 15

Каракол-Нарын округунун жумушчу жана дыйкан кыз-келиндеринин курултайы. 1925-жыл.

1924-жылы 21-декабрда ревком Турдалы Токбаевди Москвага ККАОнун туруктуу өкүлү кылып дайындайт.

6 / 15

Кыргыз автоном облусунун Коммунистик партиясынын жооптуу катчысы Жайнак Саадаев жана Пишпек шаарынын кеңешинин биринчи төрагасы Григорий Швец-Базарный. 1920-жылдар.

1925-жылы 15-январда облустун ревкому Иманалы Айдарбековдун төрагалыгы астында "Кара-Кыргыз автоном облусунун уюшулушу жөнүндө" декларацияны кабыл алат.

7 / 15

Кадича Кайбылда кызы, Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү идеясынын башкы демилгечиси Ишеналы Арабаевдин жубайы. 1930-жыл.

Айдарбеков Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Биринчи учредителдик советинин курултайынын өтүшүнө өзгөчө көңүл бурган. 1924-жылдын ноябрынан баштап 1925-жылдын мартына чейин шайлоо жүрүп, Советтин съезддери өткөн. Муну менен кыргыз эли жергиликтүү жана жогорку органдарга өкүлдөрүн жиберип мамлекеттүлүгүн кайра калыбына келтирүү боюнча көксөгөн кыялын мыйзам жүзүндө ишке ашырган. Айдарбеков үзөңгүлөштөрү менен Кыргызстандагы биринчи съездге ККАОнун Конституциясынын жобосун кабыл алуу жөнүндө демилге көтөргөн.

8 / 15

Кыргыздын кыз-келиндери. 1920-жылдар

9 / 15

Кыргыз автоном облусунун ордуна Советтер Союзунун автономиялуу республикасынын түзүлгөнүнө карата салтанаттуу жыйындын катышуучулары. Москва, 1927-жыл.

Бул максат үчүн ревкомдо атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов жана аппараттын бир нече кызматкери кошулган. Документ эки пункт менен толукталган. Биринчи пунктуда келечекте ККАО союздук республиканын макамын алууга укуктуу деп жазылган. Экинчисинде облус ичинде административдик чек араны аныктоо укугу каралган эле.

10 / 15

Кыргыздын кыз-келиндери алгачкы ирет шайлоого катышууда. Кыргыз автоном облусу, 1925-жыл.

1925-жылы 27-30-мартта Пишпекте Кара-Кыргыз автоном облусунун Советинин Учредителдик съезди өтөт. Бул жыйын Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүдө юридикалык жактан зор роль ойногон. Ага Кыргызстанда жашаган 11 улуттан 135 делегат катышып, Москва жана коңшу республикалардан коноктор келген.

11 / 15

Ырааккы Чыгыштан Ысык-Көлгө көчүп келгендер. 1890-жылдар.

Курултайды Революциялык комитеттин төрагасы Иманалы Айдарбеков ачат. Жыйындын тарыхый маанисин белгилеген жетекчи Бүткүл Борбордук аткаруу комитетинин өкүлү А.П. Голубковго Кыргыз автоном облусунун туусун берген. Бул туу кыргыз жана орус элдеринин биримдигинин символу деп белгиленген.

12 / 15

Пионерлер үйүндө Совет мамлекетинин башчысы, маркум Владимир Ленинге арналган бурчту салтанаттуу ачуу аземи. Фрунзе, 1925-жыл.

Депутаттар Орто Азияда улуттук чек аралар кандай аныкталганы жана Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү тууралуу Иманалы Айдарбековдун отчетун угуп, талкуулаган. Андан кийин ККАОнун Советинин Учредителдик съезди атайын токтом кабыл алган. Бул токтомдо Революциялык комитет облустун мамлекеттик жана чарбалык аппаратынын уюшулганын белгилеген. Мындан сырткары, Кыргызстандын чек арасын тактоо жана мамлекеттик бюджет түзүү тууралуу айтылган.

13 / 15

Облустук аткаруу комитетинин пленумуна карата арналган митинг. Ош, 1927-жыл.

Бул курултай ККАОнун мамлекеттүүлүктү куруу жана жаңы экономикалык шартта өнүгүүсү үчүн абдан көп чечим кабыл алган. Чек араны тактоо жана аныктоо боюнча маселени кароодо депутаттар бир пикирде эле.

14 / 15

Борбор калаанын жанындагы кыштакта өткөн митинг. Фрунзе району, Кыргыз АССРи, 1926-жыл.

Съездде делегаттар Борбордук аткаруу комитетине Кара-Кыргыз автоном облусу расмий Кыргыз автономдуу облусу деп аталсын деген өтүнүч менен кайрылган. 1925-жылы 25-майда өтүнүч орундатылган.

15 / 15

Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун чогулушунун протоколунан үзүндү.

1926-жылы 1-февралда Бүткүл союздук борбордук аткаруу комитетинин токтому менен Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган. Токтомдо каралгандай, Кыргыз АССРи мурда белгиленген чекте, РСФСР курамындагы федеративдик шартта түзүлгөн. Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар советинин төрагалыгына 26 жаштагы Жусуп Абдрахманов дайындалган. Ал кыргыз саясий элитасынын жаш муунунун алгачкы өкүлү болду.

Тема боюнча:
Өзүнчө эл экенибизди далилдеген Абдыкерим Сыдыков. Эгемен Кыргызстандын пайдубалы