Байсалов: башкаларга карап Россия менен алаканы үзүп кое албайбыз

Өкмөт өкүлү Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Башкалар Россия менен байланышкан нерселерди жокко чыгарып жатат деп биз алаканы үзүп кое албайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын ЖМКларынын бирине берген маегинде билдирди.
Ал Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.

"Санкциялар шартында жашап жатабыз, айрыкча, банк секторубуз. Бирок өз позициябыздан кайтпаганга аракет кылабыз. Кыргызстан дүйнөдөгү геосаясий оюндарга аралашпайт, алардын улуттук өнүгүүбүзгө тоскоол болушуна да жол бербейт. Биз өлкө ичиндеги өнүгүүгө басым жасап, глобалдык чыр-чатактарда бир тарапка жан тартпайбыз. Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш. Бул мамлекет менен экономикалык жана аскердик байланышты бекем сактайбыз", — деген Байсалов.

Минкаб төрагасынын орун басары эл аралык деңгээлде Кыргызстан бардык өнөктөштөр менен мамилени бекем кармоого аракет кыларын, украин кризисин башынан тынчтык жол менен чечүүгө чакырып келгенин кошумчалаган.
Россия Кыргызстандын ИИМине түрдүү техника белек кылды. Сүрөт