"Сейтек" балдар борбору акысыз ийримдерге чакырат

Министрлик бардык курстардын тизмесин жана байланыш номерлерин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору ата-энелерге балдарды чыгармачыл курстарга жана ийримдерге жаздырууну сунуштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2024-2025-окуу жылында төмөнкү курстар акысыз өткөрүлөт:
Тогуз коргоол, чүкө, ордо, жаа атуу, тери менен иштөө боюнча ийримдер. Ошондой эле ата-энелер көркөм-эстетикалык багыттар, бий ансамблдерине даярдоо, театр багыты, мектепке даярдоо ийримдери, тил курстары, спорттук багыт, вокал, кол өнөрчүлүк студияларынын ийримдерин, инклюзивдик билим берүү топторун, IT-программалоо багытын да тандап, балдарды курстарга жаздырса болот.
Курс жана ийримдердин жалпы тизмеси жана байланыш номерлери менен кенен таанышсаңыз болот.
Радио
Баланы курстарга канча жаштан кийин берген оң? Психологдун кеңеши