Маданият министринин орун басарлары, мекемелердин жетекчилери дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар дайындоолорго кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары, ал эми Тимурлан Ажымалиев министрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Өкмөт башчынын башка бир буйругу менен Улан Адамалиев Кинематография департаментинин директору болуп барат. Буга чейин департаментти Акжолтой Бекболотов жетектеп келген.
Ошондой эле Муратбек Бегалиев Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директорулугуна дайындалды.
Мындан сырткары, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп Медербек Апарханов барат.
Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы жардамчы, кеңешчилерин жумуштан бошотту