Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы жардамчы, кеңешчилерин жумуштан бошотту

Буга чейин Садыр Жапаров да коомдук башталыштагы жардамчылары менен кеңешчилерин бошоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы бардык жардамчы, кеңешчилерин иштен бошотту. Ал тиешелүү буйрукка кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.
Мындай чечим президенттик администрацияны реформалоо жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынган.
Эске салсак, 5-сентябрда президент Садыр Жапаров да коомдук башталыштагы жардамчылары менен кеңешчилерин бошоткон.
"Ак-Жол" постун текшерип барган Акылбек Жапаров эки кызматкерди иштен алды. Видео