ЛГБТны* пропагандалоону тыюу. Лавров Грузия бийлигинин саясаты тууралуу

Буга чейин Грузиянын парламенти көпчүлүк добуш менен экинчи окууда ЛГБТны* пропагандалоого каршы мыйзамдардын пакетин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Грузия жетекчилигинин саясаты улуттук грузин иденттүүлүгүн түшүнүүгө жана либералдык демократиянын баалуулуктарынын зыяндуулугун аңдоого байланыштуу жүрүп жатканын айтты. Бул туурасында ал РБК медиахолдингине берген маегинде белгилегендигин РИА Новости жазды.
Буга чейин Грузиянын парламенти көпчүлүк добуш менен экинчи окууда ЛГБТны* пропагандалоого каршы мыйзамдардын пакетин кабыл алган. 14-майда парламент нааразылыктарга карабай чет элдик таасирдин ачыктыгы боюнча мыйзамды үчүнчү окууда жактырган. Чет элдик агентттер боюнча мыйзамды кабыл алуу аталган өлкөдө Батыштын нааразылыгын жараткан. АКШ, ЕБ бул окуядан кийин Грузия менен алака-катышын кайрадан карап чыгууга камданды. Грузия патриархиясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Андрия Жагмаидзе Гузиядагы "Грузин кыялы" башкаруучу партиясы патриархияны мамлекеттик диндин православиеси деп расмий жарыялоону сунуштап жатканын билдирген.
"Грузия өкмөтү азыр жасап жаткан иштер улуттук грузин иденттүүлүгүн аңдап, грузин элинин православдык, улуттук маданият жаатында баалуулуктарга ээ экендигин, алардын Батыштын, айрыкча либералдык демократиянын же демократикалык либерализмдин "эрежелери" аркылуу кысымга алынып, жоюлуп кетүү коркунучу бар экенин түшүнүүсүн көрсөтөт. Бул грузиндерге жакпайт. Ал Батыштын ЛГБТ* түшүнүгүн таңуулаганын жактырбаган сыяктуу эле нерсе", — деген министр Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып.
Владивосток шаарындагы Чыгыш экономикалык форуму бүгүн аяктайт.
Sputnik — аталган форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм.
Чалгын кызматы: АКШ Грузияда "түстүү революция" даярдап жатат