7-сентябрга карата аба ырайы

Жаан алдында кол чатыр кармап бара жаткан кыз. Архив
7-сентябрда республика аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаай турганы айтылган. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүйдө 13…18, Талас облусунда 12…17, Нарын өрөөнүндө 15…20, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 16…18, Ош шаарында 23…25 градуска жетет.
Бишкектин көчөсүндө жамгырда бараткан жарандар. Архивдик сүрөт
Шашылыш билдирүү! Апта этегинде аба ырайы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт