Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды

Авазбек Атаханов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бул кызматты аркалап келген Улан Тотуяев "жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн" деген жүйө менен 27-июнда иштен алынган. Кийин ТИМ буга түшүндүрмө берип Тотуяев Пакистандагы мекемеде өзүнө "хандык" уюштуруп алганын белгилеген.
Ал эми Авазбек Атаханов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалаган.
РФ ТИМ башчысы Лавров Кыргызстандын жаңы элчиси Бөкөнтаевди кабыл алды