ЖК Сыргабаев менен Машиевди министр кызматына дайындоого уруксат берди

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Медер Машиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Президент Садыр Жапаров Абсаттар Сыргабаевди 11-июлда, Медер Машиевди 2-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу катары дайындап, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизген.
Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарды талапкерлер менен тааныштырды. Натыйжада эл өкүлдөрү экөөнө тең макулдук беришти.
"Автобус менен жүргүлө". Транспорт министрине талапкер тыгын маселеси боюнча