Кыргызстанда кумар оюндары боюнча жаңы талаптар киргизилди. Тизме

Өзгөрүүлөр документ расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кумар оюндары боюнча жаңы талаптар киргизилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Документте эми оюн автоматтарынын залдары казинодо жайгашуусу керектиги айтылат. Аянты 200 чарчы метрден кем болбошу кажет. Мында 60 же андан көп оюн автоматтары болушу шарт.
Кумар оюндары боюнча ишмердүүлүк жүргүзө турган компаниялар лицензия алуу үчүн оюн жабдууларынын жана атайылаштырылган программалык продуктулардын сертификацияланышы тууралуу документтерин көрсөтүшү керек. Ал өз кезегинде тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан тастыкталышы кажет.
Букмекердик конторалар жана тотализаторлор лицензия алууга милдеттендирилип, казинолордо гана иштей алат.
Оюн залдарындагы, оюн зоналарындагы, тотализатор, букмекердик контора жана казинонун кассасындагы видеожазуулар үч ай бою сакталууга тийиш. Укук коргоо органдары менен көзөмөлдөөчү мекемелердин сурамы менен дароо берүүгө милдеттендирилет.
Утуп алган акчаны алууда оюнчу паспортун көрсөтүп, Кыргызстандын жараны экенин тастыкташы зарыл.
Документ 2024-жылдын 27-августунда жарыяланды, расмий чыккан соң 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кумар оюндарынын баары бир жерде ойнотулат. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алды