5-сентябрга карата аба ырайы

5-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 5-сентябрь, бейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ош шаарында +32...+34 градуска жетет.
5-сентябрдан тарта бир катар өлкөлөрдүн жарандарын каттоо тартиби өзгөрөт