Чүйдө жол кырсыгынан көз жумган 10 кишинин экөө бөбөк экени айтылды

Эки күн мурун беш автоунаа катышкан жол кырсыгынан дагы алты киши жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгынан көз жумгандардын экөө 9 жана 1 жаштагы бөбөктөр болгон. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Эске салсак, 1-сентябрда Ивановка айылынын тушунда беш машина кагышкан жол кырсык катталган. Анда 10 адам каза болгону кабарланган.
Кырсыктан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү бустагы беш адам каза тапкан. Алар туугандар экени, бешөөнүн экөө 9 жана 1 жаштагы бөбөктөр экени айтылды. Ал эми Subaru Outback автоунаасынын эки жүргүнчүсү көз жумган. Toyota Camry машинасынан үч адам мерт болгон. Жалпы алты киши ар кандай жаракаттарды алган.
Уулун коргоо үчүн күнөөнү мойнуна алган. Бишкектеги кырсыктын жаңы жагдайы